Бүгүн, 10-ноябрда борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "Ажар" тасмасынын бет ачары өттү. Алгач кинотеатрдын алдында чакан сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Андан соң режиссёр Болот Шамшиев, сүрөтчү Юристанбек Шыгаев жана тасманын жаратуучулары кызыл килем үстүнөн өтүштү. Тасмада актёр-актрисалар Жамал Сейдакматова, Калипа Усенова, Куштар Камил уулу, Акмаанай Эшбаева жана башкалар роль жаратышкан.
Актриса Жамал Сейдакматова тасмада жараткан ролу тууралуу буларга токтолду: "Кыргыз элине мүнөздүү ак көңүл, мээримдүү чоң эненин образын жараттым. Өзүм да 6 неберенин чоң энеси болгондуктан, образга кирүү кыйынчылык жараткан жок. Акыркы кезде көптөгөн тасмалар жарык көрүүдө. Араларында мыктылары да жок эмес. Буюрса, ушундай темпте өнүгө турган болсо, жакынкы жылдары "кыргыз керемети" кайра жанданат деп ишенем".
Белгилүү режиссёр Болот Шамшиев да чыгып сөз сүйлөп, "Ажар" тасмасы жакканын, келечекте режиссёр дагы мыкты тасмаларды тартарына ишенерин айтып, болушунча аз сындар айтылышын суранып, режиссёрго ийгилик каалады.
Ал эми коюучу режиссёр Асамиддин Мухиддинов мындай дейт: "Албетте, ар бир режиссёр элден өзгөчө тасма тартсам деп ойлойт. Бизде, чынында, көрөрман эмес, сынчылар көп. Көрүүчү болуш үчүн тасмага ишенип, көрөрмандын образына кирип көрүшү зарыл. Мүмкүн, баарыбыз бири-бирибизди жакшы тааныганыбыз үчүн да сынчылар көп болсо керек. Белгилүү бир топ адамдар тасма жөнүндө жылуу пикирлерин айтып жатышат. Андыктан алардан кийин тасма тууралуу бир нерсе айткандан тартынып турам. Буюрса, өмүрүмдү кыргыз киносунун тарыхында кала турган мыкты тасмаларды тартууга жумшайм".
Тасмада шаардык Ажар аттуу башкы каарман жакшы көргөн жигитинин бир тууган эжеси менен сүйлөшүп турганын көргөндө Жалал-Абад облусуна караштуу Арстанбап айылына курбусу менен кетип калат. Жаратылыштын кооздугу, айыл элинин жөнөкөйлүгү, таза аба кызга жагып, жагымдуу таасир калтырат. Бирок ошол эле учурда кызды айылдагы шаркыратмага барган сайын сырдуу, коркунучтуу көлөкө ээрчигенин койбойт...