Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен улгайган кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-Май районунда кечээ, 10-ноябрда куткаруучулар милиция кызматкерлеринин катышуусунда Киев көчөсүндөгү №114-үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
"Батирдин ичинен 1939-жылы туулган Л.А. аттуу (эркек киши) жарандын жансыз денеси табылган. Куткаруучулар маркумдун денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.