"Куудулдар жана булбулдар" концертинде Шапа 007 ак куудай бийлесе, Назира Жетигенова кыз издеген жигитке айланды (фото)

Кечээ, 10-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Куудулдар жана булбулдар" аттуу концерт болуп өттү. Концерт белгиленген убакыттан 1 саат өткөндөн кийин башталды. Алгач эле элге Сакиш менен Бопуштун образында таанылган куудулдар Айнура Турганбаева жана Марат Жанталиев, ошондой эле Шапа 007 ысымы менен чыгып жүргөн актриса Гүлмира Турсунбаева элге тамашалуу интермедияларын тартуулашты. Ошондой эле кечеде ырчылар Гүлнара Кахарова, Дайыр Исмадияров, Жазгүл Эстебесова, Жакут Сыдыков, Элиза Орозова, Нуркыз Кожонова жана башкалар ыр сунушту.

Белгилүү куудул Назира Жетигенованын Мурат аттуу Ооган согушунун катышуучусунун образын жаратканы залдагы элди күлкүгө бөлөдү. Мурут коюп, калпак кийип, үйлөнүү үчүн өзүнө кыз издеген Мураттын образы тууралуу Назира Жетигенова буларга токтолду: "Бул тамашаны 6 жылдан бери ойноп келебиз. Казак куудулдары ойноп жүрүшчү. Бир жолу алар менен кезигип калганда "казак-кыргыз эли бири-биринин ырларын ырдап жүрүшөт, эми тамашаларды алмаштырып ойноп көрөлү" деп, менин тамашаларымды ушул тамашага алмаштырууну суранышкан. Мурун деле эркектердин образдарын чагылдырып жүргөм, бирок ийинине жеткире ойной албагандай боло берчүмүн. Эмнегедир Мураттын образы өзүмө жакын, берилүү менен ойнойм".

Бишкекте "Куудулдар жана булбулдар" аттуу концерт өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Serenada
2016-11-11 10:20:59
Алдараспандын интермедиясыго
+1
Aruukeramazan
2016-11-11 11:30:35
Сакиш менен Бопуш туралуу бир соз жок го
-1
dina1983-19
2016-11-11 13:40:45
Жакшы
0
leilek_suluktu
2016-11-11 15:52:26
зарил экенда Назира Жетигеновага мейли эми акча табам деп бечара
0
promes
2016-11-11 17:04:01
Кулбой эле уяласын коргондон.
+5
Deniza88
2016-11-11 18:05:53
promes, туптуура айтасыз....
+1
zinza.girl
2016-11-12 12:24:12
Ой ичииим эзилип калды Назира Жетигенова накта куудул да хаха
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан