Өткөн суткада өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Борбор калаадагы Ак-Ордо жаңы конушунда өрт кырсыгы катталды. Анда Ырыскы жана Акыл көчөлөрүнүн кесилишинен БМВ 318 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.