Германиянын Ооганстандагы консулдугуна кол салуу болуп, эки адам каза тапты

Ооганстандын Мазари-Шариф шаарындагы Германиянын консулдугуна “Талибан” радикал кыймылынын согушчандары кол салышты. Анда 2 адам каза болуп, 80 киши жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин да бул консулдуктун жанында бомба жарылып, 1 адам каза таап, 29 киши жарадар болгон.

Германиянын дипломаттары жайгашкан "Mazar Hotel" мейманканасынын жанындагы биринчи жардыруудан кийин экинчи күчтүү жардыруу имараттын ичинде болгон”, - деп билдирди аймактык полиция кызматкери Саид Сарвар Хуссейн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан