Аламүдүн районунда "үйүнүн короосунда кара куурай өстүргөн" деген шек менен 68 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 26-октябрь күнү саат 12:30 чамасында 68 жаштагы Л.Г. аттуу жаран көчөдөн текшерүүгө алынган. Өздүк тинтүү учурунда анын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн жалпы салмагы 30 граммды түзгөн марихуана алынган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жаран баңгизатты үйүндө даярдаганын билдирген. Кийин жарандын үйү да тинтүүгө алынып, үйүнүн короосунан жалпы салмагы 33 килограмм 200 граммды түзгөн кара куурай алынган. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.