"Оскар" сыйлыгына 4 жолу көрсөтүлүп, 5-жолкусунда гана алган белгилүү америкалык актёр Леонардо Вильгельм Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында туулган. Бой тартканда Ди Каприо Сидс университетинин алдындагы башталгыч мектептин актёрдук чеберчилик курсунда окуй баштаган. Кийин терең билим алуу үчүн Лос-Анжелеске жөнөйт. Ал жерде окутуучулар өткөн сабактарга гана канааттанып калбай, жандуу публикага чыгуу үчүн "The Mud People" авангарддык труппасы менен Лос-Анжелеске гастролго чыккан. Сидс мектебин бүтүргөндөн кийин Лос-Фелиздеги Лео Жон Маршалдын мектебине тапшырып, ал жерде өзүнүн биринчи пьесасын ойногон.
15 жашында Ди Каприо жеке агентинин жардамы менен жарнамалык түрмөктөргө, даректүү фильмдерге тартылган. Ошол эле жылы Лео эң белгилүү "Лесси" сериалында эпизоддук ролдо ойногон. Ошентип, Ди Каприонун карьерасы күндөн-күнгө өсүп, 1991-жылы экранда анын катышуусу менен "Тиштүүлөр-3" ("Зубастики-3") деген аталыштагы биринчи чоң киного тартылган. 16 жаштагы өспүрүмдү ABS компаниясынын "Growing Pains" белгилүү сериалына тартылууга чакырышкан. Андан соң "Баланын тагдыры" фильминде башкы ролду аткарган. 1993-жылы швед режиссёру Ласс Халстром Ди Каприону "Гилберт Грэйпти эмне тынчсыздандырат?" ("Что гложет Гилберта Грэйпа?") деген фильмине тарткан. Жарым акыл өспүрүмдүн ролун жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн ал алгачкы жолу "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Анда Лео 19 жашта гана болгон.
Актёр 2016-жылы февраль айында режиссёр Алехандро Гонсалесанын "Аман калган" ("Выживший") тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган. Ага чейин актёр 1994-жылы “Гилберт Грейпти эмне тынчсыздандырат?” ("Что гложет Гилберта Грэйпа?"), 2005-жылы “Авиатор”, 2007-жылы “Кандуу алмаз” ("Кровавый алмаз") жана 2014-жылы “Уолл-стриттен чыккан карышкыр” ("Волк с Уолл-стрит") тасмаларындагы ролдору үчүн “Оскарга” талапкер болгон.
Леонардо Ди Каприо учурда бойдок. 1990-жылдан 2000-жылга чейин актёр даниялык модель Х.Кристенсен менен, 2000-жылдан 2005-жылга чейин бразилиялык модель Ж.Бундхен менен, 2006-жылдан 2009-жылга чейин израилдик модель Б.Рафэли менен сүйүү мамилесинде болгон. Актёр мындан тышкары ырчы Рианна, германиялык модель Тонни Гарн жана Эрин Хизертон аттуу модель менен сүйүү мамилесинде болгондугу тууралуу кептер тараган. Бирок Леонардо Ди Каприо сулуулардын эч бири менен никеге турган эмес. Ал жеке жашоосу тууралуу интервьюларынын биринде киного байма-бай тартылып, бош убактысы аз жана үйүндө аз болгондуктан, үй-бүлө курууга шашпаганын билдирген.
11-ноябрга карата жылнаама.