Айрым маалыматтар боюнча, 1920-жылы 11-ноябрда ойдон чыгарылган англиялык тыңчы Жеймс Бонд төрөлгөн. Англиялык жазуучу, журналист Ян Флеминг 42 жашында жашоонун бардык кызыкчылыгынан кечип, жалгыз аралга кетүүнү чечет. Түйшүктүү кесибинен баш тартканы менен, Яндын жан дүйнөсү тынч ала албайт. Ямайкадагы вилласында жалгыз күн кечирип, тамеки тарта деңиз жээктеп ойлонуп жүрүп жеңилбес Бонддун образын ойлоп табат. Я.Флеминг Экинчи дүйнөлүк согушта Британия падышачылыгынын алдындагы флотто чалгынчы болуп кызмат кылган. Мындан улам ал Бонддун образын түзүүдө өзүнүн тажрыйбасына таянган. Бонддун жашоодогу персонажы жок, жалаң гана автордун фантазиясынан жаралган. Айрымдар Ян менен Бонддун ортосунда окшоштуктар бар экенин айтышкан. Ян дагы акыркы модадагы машинага, сулуу кыздарга, кумар оюндарына кызыкчу. Ал эми Жеймс Бонд деген атты жазуучу канаттуулар тууралуу китеп окуп, ошондогу орнитологдун атынан койгон. Бонд тууралуу чыгармалар 20-кылымдын мыкты бестселлерине айланып, 40 миң нуска менен жарык көргөн.
Жеймс Бонд тууралуу китептер популярдуулуктун туу чокусунда турганда аны экрандаштырууну көп режиссёрлор талашкан. 1954-жылы америкалык сериалга Бонд тууралуу 5 мүнөттүк эпизод гана тартылат. Ушундан кийин Бонддун доору башталып, 1962-жылы режиссёр Теренс Янг Бондду алгачкы жолу экрандаштырган. 1962-жылдан тартып 2009-жылга чейин Бонд тууралуу 22 фильм тартылып, фильмдерди жалпысынан “Бондиана” деп аташкан. Бонд тууралуу тасмалар өз жаратуучуларына 6 миллиард доллар киреше алып келген.
Жеймс Бонддун ролун англиялык актёр Шон Коннери, австриялык актёр Жорж Лэзенби, англиялык Роджер Мур, Уэльс өлкөсүнөн чыккан актёр Тимоти Далтон, ирландиялык Пирс Броснан жана англиялык Дэниэл Крейгдер аткарышкан.
Шон Коннери (тартылган жылдары – 1962, 1963, 1964, 1965, 1967, 1971, 1983)

Шон Томас Коннери Бондиананын алгачкы тасмасы болгон “Доктор Но” тасмасында Бонддун ролуна тандалып алынып, 6 миң фунт өлчөмүндөгү гонорар алган. Бонддун ролу ага даңк, байлык эле эмес, чыгармачылык түйшүк да тартуулаган. Ролдон эки жолу баш тартып, бирок кайра тартылууга аргасыз болгон. “Эң мыкты Бонд ким?” деген сурамжылоо жүргүзүлгөндө ар жылы биринчиликтен Шон Коннери түшпөй келет.
Жорж Лэзенби (тартылган жылы – 1969)
Жорж Лэзенби Ж.Бонд тууралуу тасмага кокусунан съёмка жүрүп жаткан аянтка келип калып тартылып калган. Лэзенби тасмада бардык трюктарды өзү аткаргандыгы менен башка Бонддордон айырмаланган. Бирок анын Бондго тиешелүү харизмасы жок деп эсептелип, Бондду эң начар ойногон актёр катары бааланган.
Роджер Мур (тартылган жылдары – 1973, 1974, 1977, 1979, 1981, 1985)

Роджер Мурдун өзгөчөлүгү – Бонддун карыгандагы кезин ойногонунда. Мурга бул ролду 46 жашында китептин автору Ян Флеминг өзү сунуштаган. Баса, Коннери түзгөн супер тыңчынын ролуна тамашакөйлүктү көбүрөөк кошкон актёр Роджер Мур болгон.
Тимоти Далтон (тартылган жылдары – 1987, 1989)
Келишимдүү, таланттуу актёр Тимоти Далтон бул ролго чейин эле белгилүү болчу. Ошондуктанбы, айтор, баары сыймык көргөн супер тыңчынын ролун аткаргысы келген эмес. Тимоти Бонддун алсыздыктан алыс эмес, реалдуу жүзүн ачып берген.
Пирс Броснан (тартылган жылдары – 1995, 1997, 1999, 2002)

Бондду Шон Коннериден кийин мыкты ойногон Пирс Броснан көпчүлүккө жаңы Бонддун жүзүн ачып берген. Ошол себептен ал “Коннериден кийинки эң мыкты Бонд” деген мактоого ээ болгон.
Дэниэл Крейг (тартылган жылдары – 2006, 2008)
Ал эми акыркы Бонд – Дэниэл Крейг. Ал Бондду аткаргандардын ичинен эң көп гонорар алгандыгы менен айырмаланат. Айта кетсек, "Казино "Рояль" тасмасы үчүн 10 миллион 400 миң АКШ доллары өлчөмүндө гонорар алган.