Ош облусунун Өзгөн районунда оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 11-ноябрда Өзгөн райондук милиция бөлүмүнө 45-50 жаштагы адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. "Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун кошуналары, туугандары суракка алынышкан. Маркум 1971-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну экени аныкталган. Кылмышка шектүү катары аталган райондун 1972-жылкы Б.К. аттуу тургуну кармалган. Анын айтымында, 11-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында экөө арак ичип отурушкан. Алардын ортосунда чыр чыгып уруша кетишип, кылмышка шектүү адам столдон бычакты алып төш жакка сайгылап, мойнун кесип салган. Андан соң маркумду төшөк менен жаап, окуя болгон жерден качып кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары уланууда. Аталган факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.