Кытайлык жана америкалык актёр, продюсер Жеки Чан "Оскар" сыйлыгын алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Жеки Чан кино искусствосуна салым кошкону үчүн аталган сыйлыкка татыктуу деп табылды. "Оскарды" тапшыруу аземи АКШнын Лос-Анжелес шаарында өттү.
Айта кетсек, кино жылдызы Жеки Чан 1954-жылы 7-апрелде Кытайдын Гонконг административдик районунда туулган. Жеки Чандын төрөлгөндө коюлган аты – Конг Санг Чан, которгондо “Гонконгдо төрөлгөн” деген маанини берет. Кичинесинен кунг-фу искусствосуна кызыгып, тасмадагы карьерасын 8 жашында каскадёр катары баштаган. 1970-жылдардын ортосунан баштап чоң ролдорду аткарууга киришип, кийин өзү да тасма тарта баштаган. Бара-бара жалгыз өзү гана аткара ала турган жаңы киножанрды жаратат, анткени Жеки Чан гана трюктар үчүн өз өмүрүн тобокелге сала алган.