Кечээ, 13-ноябрда Нью-Йорк шаарында UFC 205 мелдеши орун алды. Бул күнү ирландиялык мушкер Конор Макгрегор америкалык Эдди Альварести утуп, 2 салмак категориясында чемпион болду. Ошондой эле орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык Майкл Жонсонду утту. Эми көпчүлүк спорт сүйүүчүлөрү 8 бурчтукта орусиялык менен ирландиялыктын беттешин көрүүнү самап турушат.
КОНОР ТАРЫХКА ӨЗ АТЫН ЖАЗДЫ
Конор Макгрегор менен Эдди Альварестин беттеши мелдештеги башкы беттеш болду. Беттеш алдында ирландиялык мушкер өзүнүн көк бет жана кызыл тил экенин далилдеп, атаандашын басынтканга үлгүргөн. Мушкерлер беттештин көпчүлүк бөлүгүндө туруп мушташышты. Альварестин бутка кирүү, кармашуу аракеттерин таш каап жатты. Ал эми Конордун соккуларынын кубаттуулугу атаандашына 1-раундда эле сезилди. Арты-артынан нокдаунга кабылган Альварес 2-раундда багынып берүүгө мажбур болду. Жыйынтыгында жеңиш ээси жеңил салмактагы (70,3 килограмм салмакта) чемпиондук курду өз карамагына өткөрүп алды.
Конор Макгрегор буга чейин 65,8 килограмм салмакта чемпион болчу. Анын UFC`нин тарыхында 2 салмактагы чемпиондук курга ээ болгон алгачкы мушкер катары тарыхта калганын эскерте кетели.
"Кана менин чемпиондук курум? Эртерээк алып келип бергилечи! Альварес мени таң калтырган жок. Ал менин деңгээлимдеги мушкер эмес. Менин чемпиондук курларымды талашкан спортчуларды тизелетем", - деди Конор беттештен кийин.
ХАБИБ ӨЗҮНӨ КӨҢҮЛ БУРДУРА АЛБАЙ УБАРА
Башта UFC 205 мелдешинде орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун чемпиондук кур үчүн Эдди Альварес менен беттешери айтылган. Бирок уюштуруучулар чечимди кийин өзгөртүп, негизги беттеш 70 килограмм салмакта Эдди менен Конордун ортосунда болорун жар салган. UFC`де 8 беттеш өткөрүп, жеңилүү ызасын тарта элек Хабиб болсо Майкл Жонсон менен беттешти. Ооба, ошол эле салмакта, бирок чемпиондук кур үчүн эмес...
Хабибдин беттешинин басымдуу бөлүгү партерде болду. Ал 3-раундда атаандашынын колун толгоп, багынууга мажбур кылды.
"Мен UFC`нин PR машинасынын күчүн сезип турам. Бирок бул жерде жыл башында утулуп, азыр чемпиондук беттеш өткөрүп жаткан бир жөжө бар (ред. - сөз Конор тууралуу болуп жатат). Бул акылсыздык. Мен силердин жөжө менен мушташканга даярмын", - деди Нурмагомедов беттештен кийин.
ХАБИБ БЕТТЕШКЕ ДАЯР, БИРОК АЛ КОНОРГО КЫЗЫК ЭМЕС
UFC учурда акырындык менен элге таанылып, бир кезде бокс боюнча уюштурулган мелдештерди басып өтүүгө аракет кылууда. Эрежесиз мушташтын дүйнөдө популярдуу болуп баратканын жашыра албаспыз. Конор болсо мелдештин атактуулугун арттырууда чоң роль ойногон мушкер. Ага каршы беттешке чыгуу менен спортчулар ири суммадагы гонорар алуу укугуна ээ болушат. Андыктан орусиялык мушкерди биринчи кезекте чемпиондук кур, экинчи кезекте ири суммадагы гонорар кызыктырат. Бул эки нерсени тең ал Конорго каршы беттеште карамагына ала алмак. Бирок...
... бирок Хабиб канча аракет кылбасын, бул беттеш Конорго кызык эмес. "Нурмагомедов 8 жылда 1 беттеш өткөрүп жатат. Мени менен 8 бурчтукта кезигүү үчүн бул жетиштүү эмес. Менин Хабибге каршы беттешим кызык болсо, көп акча тапмакпыз, бирок ал өзүнүн даяр экенин мага далилдей элек. Хабиб, сенин жашооңду өзгөртүүмдү каалайсыңбы? Бул үчүн себептер болушу керек", - деди Конор бул маселе боюнча.
Ал эми орусиялык белгилүү спорт ишмери Олег Токтаров бул беттештин жакын арада болбой турганын айтат. "Конор учурда өзүнүн атын чыгаруу үчүн эмес, ири суммадагы акча табуу үчүн жүрөт. Атактуу эмес, бирок Конорду утчу күчкө ээ болгон Хабиб ага кызык эмес. Анткени ал чемпиондук курунан ажырап калуудан, аз гонорар алып калгандан коркот. Демек, Хабиб менен беттешке ирландиялык мушкер макул болбойт", - дейт ал.