Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлерде аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө. Алдын ала маалымат боюнча эч кандай кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок", - деп билдиришти ӨКМдан.
Эскерте кетсек, бүгүн саат 08:07 чамасында Ош облусунда жер титирөө катталган. Анын күчү очогунда 4,5-5 баллга жеткен.