Бүгүн, 19-апрелде Малайзиянын Шах-Алам шаарында футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандоо туру башталды. Анда Кыргызстандын “Дордой” курама командасы Катардын “Аль-Садд” командасы менен беттешип, 1:3 эсебинде утулуп калды. Маалым болгондой, атаандаштарынын дарбазасына кыргыз футболчусу Эркин Байтиков 1 топ киргизүүгө жетишкен. Айта кетсек, “Дордой” командасы 20-апрелде экинчи жана акыркы мелдешин өткөрүп, анда Кувейттин “Аль-Салмия” командасы менен беттешмекчи.