Бишкекте уурулукка шектелип Чүй облусунун 3 тургуну кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип Чүй облусунун 3 тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 38 жаштагы С.Н. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 12-ноябрдан 13-ноябрга түнү белгисиз адамдар анын Тойота Ипсум унаасынын айнегин талкалап, ичинен флешкартасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун Н.Р., Б.А. жана П.Ф. аттуу тургундары кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Кылмышка шектүүлөр ушул сыяктуу бир нече кылмышка да шектелип жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан