Биз социалдык тармакта

Нарын облусунда күйөөсү менен аялы бычакташып, оор жаракаттан улам күйөөсү каза болду

Нарын облусунда күйөөсү менен аялы бычакташып, оор жаракаттан улам күйөөсү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 13-ноябрда саат 18:30 чамасында Жалгыз-Терек айылындагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда 40 жаштагы С.А. аттуу жаран менен 39 жаштагы А.И. аттуу аялынын ортосунда уруш чыгып, С.А. аялын ур-токмокко алып, ашкана бычагы менен оң колунун чыканагына сайып жиберген. Кийин аялы столдун үстүндө турган бычак менен күйөөсүн көкүрөккө сайган. Натыйжада 1976-жылы туулган С.А. окуя болгон жерден каза болгон.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-баллистикалык, соттук-криминалистикалык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
ekaterinburg
2016-11-14 12:06:13
ХХХ...Бычак кармабай эле жон эле муштаса болбойбу аа...
0
admin_portal
2016-11-14 12:09:39
ekaterinburg, этика нормаларын сактаңыз!
-2
Malik92
2016-11-14 12:08:24
АстафирАлла тооба кылдым.
+4
isakova89
2016-11-14 12:11:35
кудай сактаа... эмне деген окуялар болуп баратат тообо.
+4
gulbadam91
2016-11-14 12:34:44
Ушундай окуяларды канчалык коп жазган сайын кобойуууудо
-1
Sema87
2016-11-14 13:27:10
ушундай окуялардын болушуна себепкер жумушсуздуктун жоктугу ичкилик жана акча маселеси
+1
aseras
2016-11-14 14:06:35
Азыр А.И олгондо С.А камакка отурат эле.Аял озун озу коргогону учун камакка отуруп калды.Коргонбосо олуп калат эле.эххх
+2
samsungc3
2016-11-14 14:10:28
А.И менен С.А орус окшойт э?
-1
kubat_73
2016-11-14 14:21:37
samsungc3,Кызыксын го Нарынга орусту байласа турабы.
+2
mishonia8077
2016-11-16 00:46:00
kubat_73,Байланбайле бар орустар керек болсо американец кытай шведдер япондор бар
0
Alaikuu_Kan-Korgon
2016-11-14 14:28:24
Аллахым озун бизди туура жолго баштай кор.
+3
Aygir
2016-11-14 14:40:30
Нарынский самурай болуп кетиптир го..Алиги Япониялык келин эмес бекен
-2
aseras
2016-11-14 14:48:46
Aygir,кулкуму келтирес да.Ошол видеону кордум эле))
+1
alibekova94
2016-11-14 16:08:32
Aygir, Тообо кулкуну келтиресиз да ))))
0
alibekova94
2016-11-14 16:09:07
Бычака асылып эмне кылат дейм да, кудай озун сактайкор.
0
mishonia8077
2016-11-16 00:47:07
Сын такпагыла силер эртен эмне болоорунарды бир гана жалгыз АЛЛАХ билет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан