ЖЫЛНААМА, 14-НОЯБРЬ: 1963-жылы “Dolce & Gabbana” брендинин негиздөөчүлөрүнүн бири Стефано Габбана туулган

Италиялык модельер, “Dolce & Gabbana” кийим маркасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Стефано Габбана 1963-жылы 14-ноябрда Италиянын Милан шаарында төрөлгөн. Атасы Миландагы бай стилисттердин бири болгондуктан, Стефано бала чагында эле моданы кууп кийинген. Кичинекей кезинде С.Габанна сүрөт тартуу өнөрүнө кызыгып, Италиядагы Көркөм колледждин графика жана дизайн бөлү­мүнө тапшырган. Ал окуп жатканда эле сүрөтчү болуп иштеп акча тапчу. Колледжди аяктаган соң Стефано креативдүү директор адистигине ээ болгон.

1982-жылы дизайнер Доменико Дольче менен Милан шаарында таанышат. Ал учурда экөө тең кийим тигүүчү ательелердин биринде дизайнердин жардамчысы болуп иштечү. Экөөнүн модага болгон көз караштары төп келип, биргеликте иштешүүнү чечишкен. Алсак, эки дизайнер тең “барокко” стилин жакшы көрүп, 60-жылдардагы Италия киносунун сүйүүчүлөрү болушкан. Стефано Габбана жана Доменико Дольче 1985-жылы айымдар, 1987-жылы эркектер үчүн даярдалган биринчи кийимдер топтомдорун тартуулашкан.
Чыныгы ийгиликке Дольче менен Габбана 1990-жылдарда жетишкен. Дүйнөлүк мода тарыхында болуп көрбөгөн жаңы моделдерди жаратышкан. Алардын ичинен эң атактуулары: тыш кийимдин дагы ролун аткара алган кооз ич кийимдер, жылаңач денеге кийилчү костюмдар жана атайын жыртылып, баалуу таштар менен кооздолгон жынсы шымдар. Эки гений Сицилиянын салттарын бузушуп, жесир аялдардын кара кийимдерин укмуштуу кече көйнөктөрүнө айландырышкан. Кийимдерден тышкары көз айнек, сумка, бут кийим жана башка аксессуарлардын жаңы түр­лөрүн жаратышкан. Ошондой эле аларга гана таандык бир катар өзгөчө атыр жыттарын чыгарышкан. "Dolce & Gabbana" фирмасынын жүздөрү болуп атактуу жылдыздар Николь Кидман, Мадонна жана Деми Мур эсептелет. Аталган бренддин кийим-кечелери дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө сатылат.

14-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akil.91
2016-11-14 13:52:56
Булар жонундо анча жагымдуу эмес маалыматтар уккан элем.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан