Бишкекте таанышынан сатып алган унаанын акчасын толук бербей, качып жүргөн шаар тургуну кармалды

Борбор калаада таанышынан сатып алган унаанын акчасын толук бербей, качып жүргөн шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал август айында И. аттуу таанышы анын ишенимине кирип, 150 миң сомго БМВ унаасын сатып алып, 50 миң сомун берип, калган акчасын бербей качып жүргөнүн айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 25 жаштагы И.И. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан