Бишкекте бейбаштыкка шектелип 46 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы А.К. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 13-ноябрь күнү саат 00:30 чамасында 40-45 жаштагы жаран Алматы-Горький көчөлөрүнүн кесилишинен анын денесине залал келтирип, тапанча менен асманга ок чыгарып коркутканын билдирген.
Ыкчам иш-аракеттердин алкагында Бишкек ШИИББинин патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 46 жаштагы К.А. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.