Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Жаштар аллеясында Жаштар жумалыгынын алкагында "Кыргыз айылы" көрсөтмөсү уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда уюштуруучулар билдиришти.
"Иш-чаранын жүрүшүндө каалоочулар боз үйдүн жабдыктары менен таанышып, боз үйдү тигүү иштерине катыша алышты. Ал эми жаш манасчылар кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Ошондой эле катышуучулар көчмөндөр тамактарын даамдап, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарга күбө болуп, жергиликтүү өндүрүштүн табигый азыктарынын көргөзмөсүн көрүп, улуттук оюндарга катышышты", - деп айтылат маалыматта.
Бул иш-чара быйыл экинчи жолу уюштурулуп жатат. Анын негизги максаты - шаардыктарды жана жаштарды кыргыз көчмөн элинин улуттук салттары жана маданияты менен тааныштыруу.