Жаңы курулуп жаткан Исфана-Кайрагач унаа жолунда жер көчкү жүрдү

Жаңы курулуп жаткан Исфана-Кайрагач унаа жолунда жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Бүгүн, 14-ноябрда саат 05:00 чамасында Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Кызыл-Бел аймагынын жаңы курулуп жаткан Исфана-Кайрагач унаа жолунда болжол менен 10 миң куб метрди түзгөн жер көчкү түштү. Көчкү жолго чейин жеткен эмес, кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан