9-декабрда SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда чоң концерт өтөт. Концерт "Супер-Инфо" гезити уюштуруп жаткан "Супер сулуу-2016" сынагы менен коштолмокчу. Учурда концертке карата даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Сулууларга чыгыш бийин "Майрам" студиясынын жетекчиси Наргиза айым, сахнада көркөм басууну "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева үйрөтүүдө.
Сынактын финалдык баскычына 16 сулуу катышууда. Жеңүүчү болгон бийкеч Бали аралына барып саякаттап келүүгө жолдомо алат.
Концертке кыргыздын белгилүү эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Айчүрөк Иманалиева, Каныкей, "Биз" тобу, Жийдеш Идирисова, Нурлан Насип, Урмат Усенов, Неля жана башкалар катышат. Концертте Клара Алибекова менен Чолпонай "Классташым", Алина Жетигенова менен Айдана Дека "Кыздын сыры", "Биз" тобу менен Аваз Акимов "Муйдусунан", Ильяз Андаш менен Курал Чокоевдин аткаруусунда "Ачуу айран ичебиз" аттуу мегахиттер жаңырып, Баястан, Бегиш хит болгон рэп чыгармаларын тартуулашат.