Бишкекте велосипедчен адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Тоголок Молдо жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу велосипед тээп бараткан жаранды сүзүп качып кеткен.
“Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде 1985-жылы туулган И.О. аттуу айдоочу жана ичиндеги 1985-жылы туулган Т.С. аттуу жүргүнчү кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ал эми унаа айып жайга токтотулду”, - деп билдиришти Патрулдук милиция башкармалыгынан.