Чүй облусунун Панфилов районунда "адам өлтүрүүгө аракеттенген" деген шек менен 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-ноябрь күнү саат 17:30 чамасында милицияга аймактык ооруканага октон жаракат алган жаран түшкөнү тууралуу маалымат келген. Иликтөө иштеринин алкагында октон жаракат алган жаран 24 жаштагы К.Д. аттуу Жайылма айылынын тургуну экени аныкталган. Ошондой эле жабырлануучуну А.Б. аттуу жаран экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болуп, ал ага карата 2 жолу ок чыгарганы аныкталган. Ал эми окуя болгон соң кылмышка шектүү унаасына отуруп изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 44 жаштагы А.Б. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда ал камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.