ЖЫЛНААМА, 14-НОЯБРЬ: 1960-жылы Чехияда поезддер сүзүшүп, 118 жүргүнчү курман болгон

1960-жылы 14-ноябрда Чехиядагы Пардубице-Градец-Кралове жолунда, Стеблов станциясынан 1500 метр алыс жерде №653 жана №608-поезддери кагылышкан. Кырсыктан улам 118 жүргүнчү курман болуп, 110 адам ар кандай жаракаттарды алган. Кырсыктын келип чыгышына №608-поезддеги жүргүнчүлөр курамындагы бригаданын мүчөлөрү күнөөлүү деп табылган. Алар Стеблов станциясынан нөөмөттө турган адамдын уруксатысыз чыгып кетишип, семафордогу тыюу салынган белгилерге көңүл бурбай поездди айдашкан. Аталган темир жол кырсыгына күнөөлөнгөндөр бир нече жылга эркинен ажыратылган.

14-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан