"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин үйүнө белгисиз адамдар киришти, учурда милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына милициядан билдиришти.
"Борбордогу Баетов көчөсүндө жайгашкан партия лидеринин батиринде эч ким жашабайт. Батирдин эшиги талкаланган эмес, белгисиз адамдар терезе аркылуу үйгө киришип, сейфти ачканга аракет кылышкан, бирок ача албай коюшкан. Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө", - деп билдиришти милициядан.