Өмүрбек Текебаевдин үйүнө белгисиз адамдар кирип, сейфти ачууга аракет жасашканы белгилүү болду. "Ата Мекен" партиясынын лидери милиция кызматына кайрылып, окуя боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө.
"Уурулар киргенби же атайын бир максатты көздөп кирип, анан ууру деп ойлосун деп чачып кетишкенби, азырынча билбей турабыз. Баалуу буюмдарды алып кетишпегенине караганда башка максатта киргендер. Үйдү текшерип чыккан Биринчи Май РИИБинин ыкчам иликтөөчү тобу "кол кап менен иштешиптир, артынан из калтырышпаптыр" дешүүдө. Эмне издешти, балким, издебей эле бир нерсе коюп, орнотуп кетиштиби, билбейбиз", - деп билдирди Текебаевдин жубайы.