Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги терроризмге шектелип Санкт-Петербургдан Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын кармалышын көзөмөлгө алды. Бул тууралуу мекеме 15-ноябрда кабарлады. Элчилик Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын аталган аймактагы башкармалыгына кат жиберип, кармалган өлкөбүздүн жарандары боюнча тийиштүү маалыматтарды берүүнү өтүнгөн.
Белгилей кетсек, террорчулукка шектелгендер 12-ноябрда Санкт-Петербургдагы батирлердин биринен кармалышкан. Алар “Галерея” жана “Академпарк” соода борборлорунда жардырууну уюштурууну пландашканы айтылган. Ошондой эле батирдин ичинен автомат, тапанча, жардыргыч заттар табылган. Кармалгандар Кыргыз Республикасынын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары болушкан.