Өткөн суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ноокат районуна караштуу Исанов айыл өкмөтүндө өрт кырсыгы катталды. Анда Алике айылында жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 154 чарчы метр турак үйдүн чатыры, үй мүлкү күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгым эсептелинүүдө.