Бүгүн, 15-ноябрда футбол боюнча улуттук курам Бахрейн менен беттешет. Жолдоштук беттеш Эр-Рифа шаарындагы Бахрейн Улуттук стадионунда орун алат. Оюнга Бишкек сааты боюнча 21:00дө старт берилет.
Акыркы жолу жаңыланган Эл аралык футбол федерациясынын рейтингине көз сала турган болсок, Кыргыз мамлекетинин курамасы 99-орунду, Бахрейн курамасы 123-орунду ээлеп турат.