Твиттер баракчасы аркылуу Алмазбек Атамбаевди коркуткан интернет колдонуучунун өздүгү такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
“Кызматкерлер иликтеп жатышат. Учурда ал колдонуучунун жүргөн жери жана өздүгү такталууда”, - деп билдиришти УКМКдан.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен Муслим аттуу интернет колдонуучу Твиттердеги баракчасына: “Менин атым - Муслим. Мен жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди өлтүрөм”, - деп билдирүү калтырган.
Ал Твиттерге 2016-жылдын ноябрь айында катталган. Учурда анын жүргөн жери Сирия деп көрсөтүлүп турат.