Борбордогу кафелердин биринен кардардын уюлдук телефонун уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ милицияга арыз менне 30 жаштагы О.Н. кайрылган. Анда ал борбордогу кафелердин биринен белгисиз жаран кымбат баалуу уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 27 жаштагы Б.Т. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.