Орусиянын Тверь облусуна караштуу айылдардын биринде турак үйдөн өрт чыгып, 5 бала жана алардын апасы каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Тверь облусуна караштуу Пеньково айылындагы үйлөрдүн биринде бүгүн, 15-ноябрга караган түнү саат 02:59 чамасында өрт чыккан. Натыйжада 32 жаштагы Артём аттуу үй ээси денесинен күйүк алып, аялы менен 5 кичинекей баласы каза тапкан.
"Өрттөн каза тапкан Радислав 1 жашка чыга элек, Тимофей 2 жашта, Снежана 3, Роман 11 жана Радион 12 жашта болчу. Өрттөн балдардын энеси да каза тапты. Каргашалуу окуя болгон түнү үйдүн ичинде 8 адам бар экен: балдар, алардын ата-энеси жана үй ээсинин бир тууган агасы. Бул адам өмүрүн алган окуяда үй ээси жана анын агасы гана өз өмүрлөрүн сактай алышкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт үйдүн жанында жайгашкан сарайдан чыккан. Натыйжада сарай, турак жай жана үйдүн жанында токтоп турган унаа толугу менен күйүп кеткен. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.