1978-жылы 15-ноябрда DC-8 үлгүсүндөгү учак Сауд Арабиясынын Жидда шаарынан Индонезиянын Сурабая шаарына бара жатып Шри-Ланканын Негомбо шаарындагы аэропортко конор алдында каучук плантациясындагы бакка урунуп, жарылып кеткен. Учактын ичинде Меккеге болгон ажылык сапарынан кайтып келе жаткан 249 индонезиялык жүргүнчү болгон. Ал эми экипаждын 13 мүчөсү исландиялыктар болчу.
Кырсыктан улам 183 адам каза тапкан, алардын 8и экипаждын мүчөсү, 175и жүргүнчүлөр болгон. 32 адам жаракат алып, 47 киши жабыркаган эмес. Кырсык учактын экипажынын катасынан улам келип чыккандыгы айтылган. Экипаждын мүчөлөрү учактын жерге конуу ылдамдыгын адаттагыдан жогору кылып салган. Ошондой эле учак конор алдында шамалдын багыты күтүүсүз жерден өзгөрүп кеткен.
15-ноябрга карата жылнаама.