Борбор калаада көчөдө ок атуучу курал менен кетип бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын Уюшкан кылмышкерлерге каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кечээ саат 15:00 чамасында Т.Молдо-Москва көчөлөрүнүн кесилишинен 45 жаштагы А.Т. токтотулган. Жарандын өздүгүн текшерүү учурунда колтугунан көк пакетке оролгон белгилери жок, кош ооз мылтык табылган.
Бул факт боюнча протокол түзүлүп, кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.