Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Атанын керээзи" тасмасы Минск шаарында өткөн "Листопад" Эл аралык кинофестивалында 3 сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-ноябрда билдирди.
"Бул жеңиш тасманы тарткан топтун кыргыз киносунун 75 жылдык мааракесине болгон белеги. Мен сахнага 3-жолу чыкканда залдагылар туруп кол чабышты", - дейт 3 жолу сыйлыкты алган Дастан Жапар уулу.
Маалыматка ылайык, "Атанын керээзи" тасмасы "Салттарга заманбап көз караш", эл аралык кызматташтыкты жана достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн "Чеги жок тасма" сыйлыгын жана Минск шаарынын Аткаруу комитетинин атайын байгесин алды.