Чүй облусунда тургундар мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Панфилов районунун 53 жаштагы С.К. аттуу тургуну өз эрки менен 28-калибрлүү ок атуучу куралын тапшырган. Ошондой эле Кемин районунун 37 жаштагы А.Т. аттуу тургуну талаадан таап алган 32-калибрлүү куралды жана Сокулук районунун 39 жаштагы М.К. аттуу жашоочусу Калашников автоматынын 10 даана огун милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.