Ушул жылдын 7-ноябрынан 14-ноябрына чейин Түштүк Кореянын Сеул жана Кимхэ шаарларында түрк тилдүү элдердин Маданият күндөрү болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге ырчы Аскат Мусабеков билдирди.
"Маданий иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Кыргыз Республикасынан чыгармачыл топтор катышты. Биздин өлкөдөн "Хан-Теңир" фольклордук ансамбли, "Семетей" бий тобу, манасчы, ырчылар өнөрлөрүн көрсөтүштү. Чыгармачыл топту Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү жетектеп барышты. Фестиваль абдан жогорку деңгээлде өттү", - дейт А.Мусабеков.
Белгилей кетсек, буга катар Кытайда да Кыргыз өлкөсүнүн Маданият күндөрү өтүп жатат. 11-ноябрда башталган маданий иш-чара Пекин, Гуанчжоу шаарларында 17-ноябрга чейин уланат.