Панфилов районунда тургунду сабап, акчасын алып коюшкан милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Панфилов районунда тургунду сабап, акчасын алып коюшкан милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя октябрь айынын башында Панфилов районунда болгон. Анда Панфилов РИИБинин 4 кызматкери К.Э. аттуу жаранды сабап, 150 миң сомун алып коюшкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында К.Энин денесине залал келтирилгени аныкталган.

"Бул факт ИИМдин Ички коопсуздук кызматы тарабынан аныкталып, тиешелүү материалдар прокуратурага жөнөтүлгөн. Анын негизинде Панфилов райондук прокуратурасы каракчылык боюнча кылмыш ишин козгоп, Ш.Э. эки айга камакка алынган. Учурда калган кызматкерлер боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
seni.gana
2016-11-16 12:55:37
Милициялардын журушун кара бири банги зат сатат бири урсоккуга алып акчасын тонойт силерге елдин ишеничи дагы калбады
+3
elmurat.kg
2016-11-16 18:53:44
булардын аты эле жакшы заты жаман
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан