Оор атлет Бекдөөлөт Расулбеков жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды. Мелдеш Япониянын Токио шаарында орун алган.
Федерациядан кабарлашкандай, Бекдөөлөт 94 килограмм салмакта күчүн сынап, 3-орунду камсыздады.
Кошумчалай кетсек, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Иззат Артыковго байланышкан допинг чыры аяктаганга чейин оор атлеттерибизди чет элдик мелдештерге катыштырбоо чечимин кабыл алган. Чечим 1-январдан тарта күчүнө кирет.