Бишкекте баңгизатын сатып жаткан жеринен эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин ИИМдин Ички коопсуздук кызматына оперативдүү маалымат келип түшкөн. Анда милициянын офицерлери башында турган кылмыштуу топтун көптөн бери баңгизатын сатуу менен алектенип келгени айтылган.
“Маалыматты текшерүү үчүн бир канча жолу атайын сатып алуу уюштурулган. Мунун негизинде жогорудагы маалымат аныкталып, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. 16-ноябрга караган түнү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин К.Б. жана К.Ж. аттуу эки кызматкери баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалды. Алардын жанынан 64 миң сом жана маңзат алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда”, - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.