"Голливуд падышасы" атка конгон америкалык актёр, "Оскар" сыйлыгынын ээси Кларк Гейбл АКШнын Огайо штатындагы Кадисе шаарында 1901-жылы 1-февралда туулган. Ал ата-энесинин жалгыз баласы болгон. 1 жашында апасынан айрылып, аны өгөй апасы тарбиялап өстүрөт. 16 жашка чыкканда мектепти таштап, дөңгөлөк жасап чыгаруучу ишканага жумушка орношот. Кийинчерээк көчмө театрга кирип иштей баштайт. 1924-жылы К.Гейбл өзүнөн улуу театрдын директоруна үйлөнөт.
Актёр алгач "Тыюу салынган бейиш" ("Запретный рай") жана "Шайыр жесир" ("Весёлая вдова") тасмаларынын массовкасына тартылган. Кийинки тартылган тасмаларында ал көбүнчө гангстерлердин, терс каармандардын ролдорун аткарган. 1931-жылы К.Гейбл экинчи жолу үйлөнөт.
"Бул бир жолу түндө болгон" ("Это случилось однажды ночью") деген тасмадагы ролу үчүн актёр "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон. 1939-жылы тартылган "Шамалга буюккандар" ("Унесённые ветром") тасмасында Ретт Батлердин ролун аткарып, ал анын эң мыкты ролдорунун катарына кирген. Аталган тасмада актёрдун сүйүктүүсүнүн ролун аткарган актриса Кэрол Ломбард менен К.Гейбл баш кошуп, көп өтпөй 1942-жылы актриса учак кырсыгына кабылган. 1960-жылы актёр "Тынчы жок" ("Неприкаянный") деп аталган акыркы тасмасына тартылып, тартуу иштери бүткөндөн 2 жумадан кийин, 16-ноябрда жүрөк оорусунан улам каза тапкан. Анын өлүмүнөн 6 ай өткөн соң актриса Кей Уильямс анын жалгыз уулу Жон Кларк Гейблди төрөгөн.
16-ноябрга карата жылнаама.