ЖЫЛНААМА, 16-НОЯБРЬ: 1959-жылы Украинада Ан-10 учагы кырсыкка учурап, 40 адам каза болгон

1959-жылы 16-ноябрда Ан-10 үлгүсүндөгү учак Украинанын Киев шаарынан Львов шаарына учуп бараткан. Аталган учак Львов шаарындагы аэропортко конор алдында кар баскан талаага күч менен учуп келип тийип, оодарылып, күйүп кеткен. Кырсыктан улам борттогу 40 адамдын (32 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү) баары курман болгон. Кырсык учактагы техникалык кемчиликтерден улам келип чыккандыгы аныкталган. Ан-10 учагы ошол жылдын 5-июнунда колдонууга берилип, кыйраганга чейин 277 саат колдонулган.

16-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2016-11-17 02:26:30
Ушу биздин 120 депутат эмнени кыйратты шайланганы дебейсинби биринин былыгын бири чукуп эле кележатышат,,,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан