Бишкекте аялды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн эртең менен саат 06:50 чамасында Дэн Сяопин жана Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда айдоочу белгисиз үлгүдөгү унаасы менен жолдо кетип бараткан аялды сүзүп, качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу көз жумган.
Учурда айдоочу изделүүдө.