Кыргыз кинорежиссёру Болот Шамшиевге ТҮРКСОЙдун алтын медалы ыйгарылды

Кыргыз кинорежиссёру, Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл артисти Болот Шамшиевге ТҮРКСОЙдун алтын медалы ыйгарылды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы бүгүн, 16-ноябрда билдирди.

"Медаль Болот Шамшиевдин түрк элдеринин кино тармагына кошкон салымы үчүн жана анын, ошондой эле кыргыз киносунун 75 жылдыгынын урматына ыйгарылды. Расмий түрдө алтын медаль 17-ноябрда кыргыз киносунун мааракелик кечесинде тапшырылат", - деп айтылат маалыматта.

Ал кечеге ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Дүйсөн Касеинов да катышары белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан