Ак-Талаа районунда көмүр жүктөп келаткан унаа жолду тороп, унаа тыгыны пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"16-ноябрда саат 21:30да Молдонун-Бели ашуусунда кар жаап, жол тайгак болгондуктан, Жумгал районуна караштуу "Кара-Кече" көмүр шахтасынан көмүр жүктөп келе жаткан жүк ташуучу тайгаланып, жолду тосуп калган. Натыйжада унаа тыгыны пайда болуп, ашуунун түндүк бетинде 8, түштүк бетинде 8 жүк ташуучу унаа өтө албай туруп калган. ӨКМнын Ак-Талаа райондук бөлүмүнөн жана Ак-Талаа райондук ИИБинен ыкчам топтор окуя болгон жерге барышып, тыгын жараткан унааны жолдон чыгарышып, 17-ноябрда саат 02:30да каттам жөнгө салынды", - деп айтылат маалыматта.