Кадамжай районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду

Кадамжай районунда айдоочу унаасы менен тосмону сүзүп, оор жаракаттардан улам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Халмион айылында Баткен-Ош унаа жолунун 202-чакырымында орун алган. Анда Гольф-3 үлгүсүндөгү унаанын 1995-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочусу жолдон чыгып кетип, тосмону сүзүп, кырсык болгон жерден каза тапкан. Ал эми ичиндеги бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
maratik.0708
2016-11-17 10:27:15
кандай жаман окуя урматтуу супер инфо гезитинин жааматы менин бир отунучум бар эле мен озум 3 жылдан бери Москвадамын андыктан силерди дайым угуп коруп жанылыктардан кабардар болуп турам ал учун чоон рахмат айткым келет
эми суроом дайыма сайтка киргенде эле эн биринчи суук кабар окулат олтуруп кетти сойуп кетти куйуп кетти деп бул адамдын психологиясына катуу тийет экен даже чоочуп турасын дагы эмне болуп кетти деп ушул жанылыктарды озунчо бир болумго жуктосо болобу
+5
MUSA.95
2016-11-17 10:29:42
maratik.0708,

Жакшы сунуш
+2
Medina87
2016-11-17 11:16:27
maratik.0708
Сиздин сунушунузду мен да колдоор элем!
Мен да чет жактамын, Суперинфону ачаарын менен эле суук кабар окуу чынында ынгайсыз.
Мен олум, жоготуу тууралуу элес албаган балалык чагымда,тагыраак айтканда 11 жашымда катуу стресске кабылгам. Бир куну тан эртен ойгонсом апам деле атам деле аз келгенсип кошуналарым да урпойушуп ыйлап-сыктап ашканада олтурушуптур. Корсо жакын коншубуз, этибар албасам да кийин абамдын ордун аябай жоктоп,олумдун эмне экенин билгем1!
+1
MUSA.95
2016-11-17 10:27:16
Эх кандай гана окунучтуу. Жалгыз бала эле, Аллахым бейиштик кылган болсун жакындарына Аллах сабыр берсин.
+1
Medina87
2016-11-17 11:03:07
Каза болгон айдоочунун жаткан жери жайлуу болсун!! Жакындарына сабыр тилейм!!!
+2
ilyaz85
2016-11-17 11:51:05
Жаткан жери жайлуу болсун
+2
tatynam_88
2016-11-17 19:31:34
Садиров Бектурбу?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан