Америкалык ырчы, актриса Тейлор Свифт бир нече жылдан бери каржы кирешеси боюнча түзүлгөн көптөгөн рейтингдерде алдынкы орунду бербей келет. Жакында эле "Forbes" басылмасынын аныктоосу боюнча ырчы эң көп гонорар алгандыгы менен атактуулар Бейонсе, Адель, Мадонна, Женнифер Лопес жана Селин Дионду артка таштап, биринчи орунга чыккан эле. Кечээ, 16-ноябрда басылма "30 жашка чейинки 30 эң бай белгилүү жылдыздар" жаңы рейтингин жарыялады. Бул ирет ким биринчи орунду ээледи деп ойлойсуз? Албетте, кайра эле Тейлор. Ал бир жылда 170 миллион доллар иштеп тапкан.
Экинчи орунду бир жылдык кирешеси 110 миллион долларды түзгөн "One Direction" тобу ээлеген. Үчүнчүдө "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси турат. Спортчу 2015-жылдын июнь айынан тарта 81,5 миллион доллар киреше тапкан. Адель (80,5 миллион) жана Рианна (75 миллион) 4-5-орунду ээлешкен. Алдынкы ондукка ырчы Жастин Бибер (56 миллион), The Weeknd (55), теннисчи Новак Жокович, баскетболчу Кевин Дюрант жана Жордан Спит кирген.