Мындан 3 жыл мурун, 17-ноябрда саат 16:30 чамасында ичинде 25 жүргүнчүсү бар Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус менен салондо 6 кишиси бар Хонда Аккорд үлгүсүндөгү жеңил унаа Бишкек-Торугарт жолунун 115-чакырымында кагылышкан. Жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, 23 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан. Аталган кырсыктан Хонда Аккорд унаасындагы бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү толугу менен мерт болушкан.
Кагылышуудан аталган унаа экиге бөлүнүп кеткен. Унааны Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну, бир үй-бүлөнүн жалгыз эркеги, 28 жаштагы Айдарбек Жумабеков башкарып келаткан. Унаада анын 7 айлык эгиз балдары, 24 жаштагы жубайы жана 23-24 жаштар чамасындагы эки бир тууган карындашы болгон. Ал эми кичи автобустун 36 жаштагы айдоочусу жана 3 жашар кыз ошол жерден жан берген.
17-ноябрга карата жылнаама.