Буга чейин америкалык боксчу Флойд Мейвезер менен эрежесиз эр урушта өзүн мыкты көрсөткөн ирландиялык Конор Макгрегордун ортосунда беттеш болушу мүмкүн экени айтылган. Муну чет элдик басылмалар катуу талкууга алышкан.
Жакында Конор атаандашы Эдди Альварести утуп, 2 салмакта чемпион болгон. Бул беттештен кийин журналисттер Флойд Мейвезерге суроо узатышкан.
Журналисттин суроосуна "мен Конордун 8 бурчтукка чыкканынан керек болсо кабарым жок" деген Флойд жолун улаган. Бирок журналисттин "ал эрежесиз эр уруштагы Флойд Мейвезер эмеспи..." деген сөзү анын төмөнкүлөрдү билдирүүсүнө себеп болгон:
"Конор 20 жыл бийиктикте турду беле? Конор 49 беттеш өткөрүп, баарын жеңип алды беле? Же ал 1 түндө 300 миллион доллар тапты беле? Макул, 70 миллион тапканбы? Жок! Мени Конор менен салыштырбагыла. Мен пилмин, Конор болсо чымын".
Кошумчалай кетсек, 13-ноябрда Конор Макгрегор америкалык Эдди Альварести утуп, мелдеш тарыхында 2 салмакта чемпион аталган биринчи мушкер болуп калды.
Ал эми Мейвезер 49 беттештин баарында жеңишке жетишүү менен рекорд койгон. Буга катар ал 5 салмак категориясында чемпиондукту камсыздаган.