
2002-жылы 17-ноябрда "Кыргызфильм" киностудиясына залкар режиссёр
Төлөмүш Океевдин ысымы ыйгарылган. Бул күнгө чейин аталган студия ар кандай аталыштарды алып жүргөн.
Айта кетсек, 1951-жылы 8-декабрда Фрунзе кинохроника студиясы "Фрунзе хроникалык-даректүү тасмалардын студиясы" деп өзгөртүлгөн. Ал эми 1956-жылы 25-декабрда киностудия "Фрунзе көркөм жана хроникалык-даректүү тасмалардын студиясы" деген аталышка ээ болгон. 1961-жылы 27-июнда студия "Кыргызфильм" деп аталган.
Атактуу кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ленинграддагы киноинженерлер институтун, ВГИКтин эки жылдык режиссёрлук жогорку курсун бүтүргөн. "Кыргызфильм" студиясында үн оператор, режиссёр, Кыргызстан кинематографисттер союзунун президиумунун төрагасынын орун басары, Түркияда элчи болуп иштеген.
Ал 1963-жылдан баштап "Аптап", "Биздин балалыктын асманы", "Карамүртөз", "Кызыл алма", "Улан", "Ак илбирстин тукуму", "Махабат закымы" сыяктуу айтылуу тасмаларды жараткан. Анын "Бакайдын жайыты" тасмасы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына, "Уркуя" тасмасы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Төлөмүш Океевдин советтик маданиятка сиңирген эмгеги бийлик тарабынан жогору бааланып, 1985-жылы ал СССРдин Эл артисти, 1972-жылы Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттык наамдарын алган. Ал Англия, АКШ, Индия, Япония, Италия, Франция, ГДР, Непал жана араб өлкөлөрүндө болуп, өзүнүн фильмдерин жергиликтүү калкка тартуулаган.
Чыгаан режиссёр 2001-жылы 18-декабрда Анкара шаарында оорудан улам 66 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
17-ноябрга карата жылнаама.